Директорлор кеңеши
  • Султанов Марат Абдыразакович
    Директорлор кеңешинин төрагасы
  • Бакас уулу Бахтыяр
    Директорлор кеңешинин мүчөсү
  • Азизбекова Аида Азизбековна
    Директорлор кеңешинин мүчөсү
  • Джаманкулов Данияр Нургазыевич
    Директорлор кеңешинин мүчөсү
  • Умарходжаев Мелис Батырбекович
    Директорлор кеңешинин мүчөсү
Банк башкармасы
  • Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич
    «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасы

    Кыргызстандын финансы секторунда 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар банк жетекчиси. Эмгек жолун насыя бөлүмүнүн адиси болуп баштап, өлкөдөгү ири банктардын биринин Башкармалыгынын Төрагасына чейин жеткен. Кыргызстандын банк секторундагы ири санариптик трансформация процесстеринин башында турган.
    Натыйжалуу командаларды түзүп, иш процесстерин жогорку деңгээлде уюштура билген жетекчи. Ал жетектеген банктар туруктуу өсүштү камсыз кылып, рыноктогу позицияларын бекемдеп келишкен.
    Санариптик трансформация, насыялоо жана финансы институттарын стратегиялык өнүктүрүү багыттарында терең кесиптик билимге жана чоң тажрыйбага ээ. Учурда «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгын жетектейт.


    Билими:
    • Кыргыз-Россия Славян университети, «Машиналардын динамикасы жана бекемдиги» адистигин аяктаган (кызыл диплом менен)
    • Ош технологиялык университети, «Финансы жана насыя» адистигин аяктаган
    • CAP (Certified Accounting Practitioner) эл аралык сертификатына ээ
    • Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын микро жана чакан каржылоо программасы боюнча сертификатка ээ
    Кесиптик тажрыйбасы:
    • 2005 - Кыргызстан Коммерциялык банкында эмгек жолун баштап, стажёрдон Башкармалыктын Төрагасына чейинки эмгек жолун өткөн
    • 2008-2013 - «ЮниКредит Банкта» жана «Бакай Банкта» жетекчилик кызматтарды ээлеген
    • 2014-2021 - Кыргызстан Коммерциялык банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын биринчи орун басары
    • 2021-2023 - MBANKтын Башкармалыгынын Төрагасы
    • 2024-2025 - «Бай Түшүм Банк» ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы
  • Курманбаев Дастан Жыргалбекович
    «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары

    Билими:
    2004-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин «Финансы жана насыя» адистигин аяктаган.

    Кесиптик тажрыйбасы:
    Эмгек жолун 2005-жылы «Инэксимбанк» ЖАКта баштаган (кийин «БТА Банк» ЖАК). Бул жерде стажёрдон филиалдын директоруна чейин өсүп, кийин чакан жана орто бизнести каржылоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

    2007-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын микро жана чакан каржылоо программасынын алкагында сертификат алган.

    2012-2013-жылдары «Бай Түшүм жана Өнөктөштөр» микрофинансылык банкынын Бишкек филиалында регионалдык менеджер болуп иштеген.

    2013-жылдан тартып Кыргызстан Коммерциялык банкында насыялоо башкармалыгынын башчысы, насыялоо департаментинин директору жана насыя ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директор кызматтарын аркалаган.

    2014-жылы IRADA программасынын алкагында (Bank of Khartoum, Судан) ислам каржылоо принциптери боюнча окуудан өтүп, сертификат алган.

    2021-2025-жылдары Кыргызстан Коммерциялык банкында жана «Бай Түшүм Банк» ААКта Башкармалыктын Төрагасынын орун басары кызматтарын ээлеген. Ошондой эле «БИР ТОП» микрокредиттик компаниясында жана «Замат Финанс» микрокредиттик компаниясында жетекчилик кызматтарды аткарган. Бул мезгилде ар кандай төлөм уюмдарында да жетекчилик кызматтарды аркалаган.

    2025-жылдын декабрында «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Банктын насыя ишмердүүлүгүн жетектейт.
  • Жээнбаева Эльмира Төлөновна
    «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү - Башкы бухгалтер

    Билими:
    Финансы техникуму: 1981-1984-жж.
    Кыргыз мамлекеттик улуттук университети: 1987-1992-жж.
    Адистиги - финансы жана насыя

    Кесиптик тажрыйбасы:
    Жээнбаева Эльмира Төлөновна - Кыргыз Республикасынын банк системасында көп жылдык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адис.

    Көп жылдар бою Кыргызстан Коммерциялык банкында (MBANK) жетекчилик кызматтарды ээлеп, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук департаментинин директору жана башкы бухгалтер болуп иштеген.

    Финансы жана банк иши боюнча бир катар эл аралык программалардан өткөн. Алардын катарына «Financial Management» (Лахор, Пакистан), Япон борборундагы «Finance and Banking» программалары, ошондой эле эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттары жана банк отчеттуулугу боюнча окуулар кирет.

    Мындан тышкары ислам каржылоо системасы, натыйжалуу башкаруу, тренерлерди даярдоо, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча окуулардан өткөн.

    2025-жылдын 26-ноябрынан тартып «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү - Башкы бухгалтер кызматын ээлеп, банктын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук системасы үчүн жооптуу.
  • Узаков Нурсултан Нурланович
    «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү - Казыналык башкармалыгынын башчысы

    Билими:
    2013-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин «Дүйнөлүк экономика» адистигин аяктаган.
    2019-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинде MBA даражасын алган.

    Кесиптик тажрыйбасы:
    Банк секторунда 10 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар.

    Эмгек жолун 2014-жылы MBANKта (Кыргызстан Коммерциялык банкы) баштаган. Бул жерде казыналык бөлүмүнүн адисинен тартып валюта жана конверсиялык операциялар, ошондой эле баалуу металлдар менен операциялар бөлүмүнүн башчысына чейин эмгек жолун басып өткөн.

    Кыргыз фондулук биржасынын, ProBank жана Filamentum окуу борборлорунун программалары боюнча окуудан өткөн. Баалуу кагаздар рыногу, валюта операциялары, активдерди жана милдеттенмелерди башкаруу, ошондой эле биржалык соода багыттарында кесиптик билим алган.

    Англис, орус жана кыргыз тилдерин эркин билет.

    Ар кайсы жылдары «Халык Банк Кыргызстан» ААКта жана «Айыл Банк» ААКта казыналык бөлүмүнүн башкы адиси кызматында иштеген.

    2025-жылдын декабрынан тартып «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү - Казыналык башкармалыгынын башчысы кызматын ээлейт.
  • Саманчиева Назгүл Бакасовна
    «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү - Долбоордук кеңсенин жетекчиси

    Билими:
    Кыргыз-Түрк «Манас» университети: 2004-2008-жж.
    Адистиги - журналистика
    Кыргыз улуттук университети: 2008-2011-жж.
    Адистиги - ишкананы башкаруу экономикасы

    Кесиптик тажрыйбасы:
    Банк тармагында он жылдан ашуун тажрыйбасы бар жетекчи.

    Санариптик банк кызматтарын өнүктүрүү, инновациялык финансы технологияларын киргизүү жана кардарларды аралыктан тейлөө каналдарын өркүндөтүү боюнча стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасы бар

    2017-2022-жылдары Кыргызстан Коммерциялык банкында (MBANK) санариптик банкинг боюнча жетекчи кызматын ээлеген. Анын жетекчилиги алдында MBANK мобилдик тиркемеси ишке киргизилип, өнүктүрүлгөн.

    2024-2025-жылдары «Бай Түшүм Банк» ААКта бизнести өнүктүрүү боюнча директор кызматын ээлеген.

    Учурда «Берекет Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын мүчөсү - Долбоордук кеңсенин жетекчиси. Банктын стратегиялык долбоорлорун башкаруу жана IT өнүктүрүү багыттары үчүн жооптуу.